Токмоктун жашоочусунун үйүнөн 350 миң сом акча жана алтын буюмдар уурдалды. Шектүү кармалды

Чүй облусунун Токмок шаарында уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Ушул жылдын декабрь айында Токмок шаарынын ички иштер органдарына жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, 14-декабрь күнү эртең мененки саат 8:00дөн кечки саат 18:00гө чейинки убакыт аралыгында үйүнүн терезесин сындырып белгисиз бирөөлөр 350 миң сом акчасын жана 15 миң сомдук алтын буюмдарын уурдап кеткенин айтып арызданган.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1991-жылы туулган М.А. кармалып убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда шектүүнүн дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жогу текшерилүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан