"Жанар иним, өзүңдүн ичиң толо арам болсо эле мени да өзүңдөй ойлобо". Садыр Жапаров Жанар Акаевге кайрылуу жасадыбы?

Өлкө башчы Садыр Жапаров Фейсбуктагы Садыр Жапаров деген баракчага "Альянс" партиясынан талапкер Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалчанын мандат алары боюнча билдирүү жазды.

Текст өзгөртүүсүз калтырылды.

"Ар кандай саясий маселелерге байланыштуу ушак сөздөргө көңүл бурбай, жооп бербей эле коёюн дедим эле. Бирок айрым учурларда жооп бербесең, калктын калың катмары мындай чындыкка коошпогон кептерден күмөн санап, айрымдары болсо ишенип алышат экен. Айлана-чөйрөмдөгүлөр “жооп бербей эле коюңуз, буларга жооп бериш сиздин деңгээл эмес” деп чыгышат. Мен жалпы элге мурдагылардын катасын кайталабайм деп сөз бергем. Мурдагылар айлана-чөйрөсүндөгүлөрдүн сөздөрүнө кирип жүрүшүп, «чын эле менин деңгээлим эмес» деп, коомчулукта чуу жараткан маселелерге жооп да бербей, түшүндүрмө да бербей келишип, акыры калктын калың катмарынын нааразычылыгына кабылышты. Жыйынтыгында үч жолу ыңкылап болду.

Эми кечээги Жанар Акаевге байланыштуу маселе боюнча. Жанар иним, өзүңдүн ичиң толо арам болсо эле мени да өзүңдөй ойлобо. Тескерисинче, БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабековага кимдир бирөөлөр барып, “президент менен макулдаштык, Жанар Акаевди колдоп койсун деди”, - дешиптир.

Мен Нуржан Шайлдабековага “бир гана мыйзам талабы жана адилеттүүлүк менен чечкиле, эч ким силердин ишиңерге кийлигишпесин”, - дедим. Ким барганын, атын да сураганым жок. Аны БШК төрайымы өзү айтсын.

Биз шайлоо башталгандан бүгүнкү күнгө чейин БШКнын бир дагы ишине кийлигишпедик. Мыйзамсыз чечим чыгарышса, өздөрү керт баштары менен жооп беришет. Башынан эле ушундай талап коюп келе жатам. Ал эми Токтобүбү Оргалча боюнча. Ушундай талапкер бар экенин ушул тема чыкканы билдик. Токтобүбү айымды Айгүл Жапаровна эмес, атасы да тааныбайт. Мурда «Эл Үмүтү» партиясына чаптап жүрдүңөр эле, эми «Альянс» партиясына чаптайсыңарбы? «Альянс» партиясы өздөрүн оппозициялык партиябыз деп жүрүшпөйбү? Айгүл Жапаровна депутаттын тагдырын чечмек турсун, бир "уборщицаны" да кызматка койгон жок жана койбойт дагы. Анын бир эле иши бар – жетим-жесирлерге жардам берүү. Мындан ары ушундай ушактардан алыс болушуңуздарды суранам.

Эң кызыгы бир ай бою жетелешип алып, эл кыдырып, бири-бириңерди оозуңар талганча мактап жүрүп, анан эми бүгүн кайра “шпион, уйгур, четтен келген” деп жамандап калганыңар Кудайга да жакпайт. Ал эми аялдардын квоталары боюнча. Баарыңар эсеп-чотту жакшы билесиңер. Комиссия түзүп барып БШК менен биргеликте санап чыккыла. Мыйзам боюнча 30 пайыздан кем эмес аял болуш керек деп турат. Эгер 30 пайыздан ашып кетип, анан эле БШК Жанардын мандатын тартып алып, туура эмес чечим чыгарып жаткан болсо, анда иш козгоп, жоопко тарталы!", - деп жазылат билдирүүдө.

Буга чейин президент Садыр Жапаров баракчасы аркылуу билдирүүлөрдү жасап турат. Ал мурда деле социалдык тармакта оюн билдирген, активдүү колдонуучу болгон. Акыркы маалымат жыйынында президент Фейсбукту карап отурбай турганын билдирип, бирок коомчулукта бир маселе жаралса билдирүү жасай турганын айткан. Ошондой ал анын фейсбуктагы аккаунтунун сыр сөзүн анын жардамчылары биле турганын белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
EddieNigma
2021-12-17 12:50:32
Яфаров дагы уйгур деген слухтар жүрөт элего. Ошондо "своих не бросаем" да?
-2
Mister-XXX
2021-12-17 16:39:31
EddieNigma,Ал сенин оюң.Президент болгондордун баарын эле кыргыз эмес деп сага окшогондор айтып келишкен.
+2
Nina.alex
2021-12-17 14:28:45
Мейли жапаров туура суйлоп атат Дейли,бирок шайлдабекова деген немеге вобщем ишенич жок
+3
Tyttty1990
2021-12-17 15:39:52
Шакал жанар
+3
prorab
2021-12-17 18:59:46
Суроо туулат, анда аны АЛЬЯНС партиясына башында эмнеге кошушкан, тообо, андай маселе болсо Жанар өзү бул кытайдан келген, болбойт, партияга коопойбуз деп айтпайт беле, анын акчасын коротушту да шайлоодо
+2
Antiradikal10
2021-12-17 21:45:55
Вот маскарапоз... Анык эле клоун боло баштады го...

Эми мен жооп берип коеюн Жапаровко.
Биринчиден Альянс оппозициялык партия эмес. Ким бар экен бийликке сын айтып оппозицияда жургон? Болгону бийликке келуу учун акчалуу чимкириктер чогулган бир партия. Сулайманов, Жанар Акаев сыяктуу чимкириктер чогулган.

Экинчиден 7нин 30%ти 3 эмес 2 болоорун билбесе, кайсы акылы, билими менен президент болуп журот?! Ташиев экоон Сокеден да ашып туштунор го, "колхоз"
-1
Antiradikal10
2021-12-17 21:49:41
Учунчудон шайлоого аралашпадык, БШКнын ишине киришпедик деп айтаарында тобондо Алла Таала бар экенин бир эстеп койдунбу? Бетин кичине болсо да кызардыбы? Шайлоону жеткен ыплас откоргон силер эмеспи, Ташиевдин партиясын шайлоого катыштырып, соттуулугу жоюла элек, Раимдин оноктош экс таможня башчыларын, БШК шайлоодон четтеткен Талант Мамытов досунарды шайлоого катыштырып, шайлоо жыйынтыктарын бурмалап, башынан жаны протоколдор толтуртуп. Уят деген жок экен. Аферист!
-2
Antiradikal10
2021-12-17 21:53:06
Тортунчудон сууну сатпадык деп сайрап келдинер эле, сатканынар билингенден бери башкача сайрап баштадынар. Ар 3 созунордун экоо калп. Анан эми ким ишенет, Оргалча таанышынарбы же жокпу? Силер да Кытайдан келген эленер го, атанбы же чон атанбы, айтор.

БШК каякта жооп берет, 7нин 30%ти 3 болот деп жатсанар... Тупить этип.....

Маскарапоздор.............
-2
ShaKe11
2021-12-18 12:48:46
Эркекче зайбал кылдын сен антирикал качан болсо наалыйсын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан