Бишкек шаарын кооздоого колдонулган чакан архитектуралык фигуралардын көпчүлүгү мурдагы жылдардан калган. Бул тууралуу "Бишкек жарык" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Айбек Чодонов билдирди.
Анын айтымында, борбор калааны кооздоого колдонулган материалдар оңдоо-түзөөдөн өтүп, сарамжалдуулук менен колдонулуп келет.
"Быйыл Бишкек шаарын Жаңы жылга карата кооздоодо колдонулган чакан архитектуралык фигуралардын 70 пайызы мурдагы жылдардан калган. 30 пайызы жаңы алынды. Ал эми аларга илине турган кооздук материалдары толук жаңы сатып алынды. Анткени алар бир колдонуудан кийин эле жарактан чыгып калат. Бул сиздер көрүп тургандар оңдоп-түзөөдөн кийинки жараксыз болуп калгандар", - дейт Чодонов.
Белгилей кетсек, өлкөдөгү башкы балаты бүгүн, 17-декабрда жандырылат. Анда атайын уюштурулган иш-чара коштоп, концерт болот.