"Эл Үмүтү" коомдук-саясий партиясынын мүчөлөрү шайлоонун жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын өткөрүштү.
Жыйынга Аскар Алмаз уулу, Болот Ибрагимов, Улукбек Карыпбек уулу жана Канышай Рысбекова катышты.
"Эл үмүтү" саясий партиясынын командасы чачырап кеткен жок. Ишмердүүлүгүн улантат. Биз мандаты жок эле элге кызмат кылабыз. Бул шайлоо 2020-жылкыга салыштырмалуу таза өттү. Бирок мыйзам бузуулардан толук арылган жокпуз. Келечекте автоматтык эсептөөчү урналардын пайдасыз экендигин айткыбыз келет. Алдыдагы шайлоого Аскар Алмаз уулунун Бишкек шаары боюнча бир мандаттуу округдан чыгуу маселеси каралып жатат", - деп билдиришти алар.