Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Жетигеновдун баш коргоо чарасы боюнча адвокаттарынын арызын карады.
Соттук коллегия биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Жактоочу Рабига Садыкова Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу жана депутатты камактан бошотуу өтүнүчү менен кайрылды. Ал эми мамлекеттик айыптоочу эл өкүлүн камакта калтырууну суранды.
"Бийликти күч менен басып алууга аракет жасады деп айыптоо - куру сөз. Тергөөдө эч кандай далил жок. Алар фоноскопиялык экспертизага гана тапшырганы жатышат, бирок качан болору белгисиз", - деди жактоочу журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.