"Биз акча жагынан аксадык. Элге акча тараткан жокпуз" дейт "Эл үмүтү" партиясынын лидери

Бүгүн, 17-декабрда "Эл үмүтү" коомдук-саясий партиясынын мүчөлөрү парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын өткөрүштү. Анда партиянын лидери Аскар Алмаз уулу буларга токтолду.

"Алгач, бизге добуш берген мекендештерге чоң рахмат. Шайлоо жаңы мыйзам жана формула менен өттү. БШК тарабынан туура добуш берүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн жок. Жараксыз бюллетендердин саны көп чыкты. Мыйзам бузуулар көп болду. Булар социалдык тармактарга тарады. Сатып алуу боюнча факттар аныкталды. Биздин партия көптөгөн шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрдү. Азыр депутат болгондордун 10 пайызы эл менен жолугушууларды өткөргөндүр. Бирок 90 пайызын эл көргөн жок. Биз акча жагынан аксадык. Элге акча тараткан жокпуз. Жыйынтыктар боюнча айтсам, көптөгөн шек саноолор болду. Ошондуктан кол менен саноолорго катыштык. Башка партиялар эмнегедир катышкан жок. Биздин команданын негизги максаты - жаңы жүздөрдү алып чыгуу болчу. Биз бул нерсени жасай алдык", - деди ал.

Эскерте кетсек, "Эл үмүтү" - 57 642 добуш же 4,50 пайыз менен 5 пайыздык босого чекке жеткен эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан