Караколдогу лыжа базадагы асма жолдун артты көздөй иштеп жатканынын себеби айтылды

Буга чейин каракол шаарындагы тоо-лыжа базасында тоого алып чыгуучу асма жолдун артты көздөй иштеп жаткан видеосу тараган. Бул окуя боюнча Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы маалымат таратты.

"Лыжадагы базада болгон окуя боюнча жерине Ак-Суу РИИБинин кызматкерлери барышкан. Азыркы учурда кызматкерлер эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө.

Алдын ала маалыматтар боюнча трансформатордун кыска туташуусунан улам асма жол карама-каршы тарапка айланып баштаган. Ал эми Каракол лыжа базасынын медициналык борборуна эч ким медициналык жардам сурап кайрылган эмес. Бардык жагдайларды толук жана тыкыр тактоо үчүн жеринде тергөө-ыкчам тобу иштеп жатат", - деди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан