Тоңдо балык уулоого кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан эки кишинин жансыз денелери табылды

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 73 жана 65 жаштагы эки жаран балык уулоого кеткен бойдон дайынсыз болуп, изделип жаткан. Издөө иштеринин алкагында алардын жансыз денелери табылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, бүгүн, 17-декабрда саат 14:40та изделип жаткан эки кишинин жансыз денеси суудан табылды. Издөө иштерине 33 куткаруучу, 7 суучул жана 1 фельдшер, 17 милиция кызматкери, жергиликтүү тургундардан 35 адам тартылган.
Белгилей кетсек, 14-декабрь күнү Тоң районунун Кажы-Сай айылынын 1948-жылы туулган М.Ю. жана 1965-жылы туулган А.А. аттуу тургундары балык уулоого чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келишкен эмес. Ал эми алардын дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалымат куткаруучуларга 16-декабрда келип түшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KG-312
2021-12-17 21:52:36
Карыганда жалжактабай үйүндө эле отурбайбы эми небере эркелетип!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан