Бааңызды бериңиз! Ош шаарынын бренди иштелип чыкты

Бүгүн, 17-декабрда мэр Алмаз Мамбетов туризм тармагын өнүктүрүү боюнча иштелип чыккан Ош шаарынын брендин презентациялады.

Ага президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары, шаардык кеңештин төрагасы, мекеме-ишканалардын жетекчилери, туристтик компаниялар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана тургундар катышты.

Эми Ош шаары дүйнөлүк туризм тармагына өзүнүн бренди менен чыгат. Борбор Азиядагы шаарлардын арасында эң алгачкы жолу Ош шаары өзүнүн туристтик брендин иштеп чыкты. Туристтик логотип үчүн конкурс жарыяланып, ага 70тен ашык эмгек келип түшкөн.

Атайын түзүлгөн жумушчу топ тарабынан орусиялык Михаил Чулиндин логотиби жактырылды. Брендде Улуу Жибек Жолун чагылдырган кербен, Оштун символу болгон Сулайман-Тоо, жарым ай жана жылдыз камтылган. Жеңүүчү болгон дизайнерге Ош шаарынын мэриясы тарабынан 100 миң сомдук сертификат тапшырылды.

Алмаз Мамбетов мэрлик кызматка келгенден тартып Ош шаарын туристтик шаарга айлантуу максатын койгон. Бүгүнкү иш-чара аркылуу буга алгачкы кадам ташталды. Мэр негизги багыттарына ылайык туризм тармагын өнүктүрүү үчүн аракеттер көрүлө турганын билдирди.

Иш-чарада улуттук кийимдердин көргөзмөсү болуп, туризм тармагынын өкүлдөрүнүн жакындан баарлашуусу менен коштолду. Ошондой эле бир катар мекемелерге, адистерге кошкон салымы үчүн Ош шаарынын мэриясынын ыраазычылык баракчалары ыйгарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
tsunse
2021-12-17 17:21:37
Неге төө. Ошко төөнүн не тийешеси бар. Оштун символу төөбү ошондо. Сулайман тоо жетишет.
+2
Aidan_Ek
2021-12-17 17:30:52
tsunse,Жибек Жолу Оштон башталат да, ошого тоону кербендин символу кылып тартса керек.
0
Antiradikal10
2021-12-17 21:24:04
Aidan_Ek, баракелде, мээн менен сенин! Жибекти илгери Ошто ондурчу беле, жибек жолу Ошто башталгылай. Кытайдан башталат Жибек Жолу, жибек, фарфор идиш-аяк, кагаз ж.б. Кытайдан Персия, Византия, Рим ж.б. олколорго ташылып турган. Кичине сабаттуу болгулачы дооруй бербей.
+3
TIMON_BERKOWITZ
2021-12-18 02:56:38
Antiradikal10, туура эле айткан. Биртке жанылышып калганы эле болбосо. Жибек Долу Ош шаары аркылуу өткөн. Ошол үчүн төөнүн сүрөтүн кошуп койгон. Дароо мээсине асылып кирбей, жанылганды түздөп койсон журтубуз онолоор беле, мээси бар чириктерден...
0
Antiradikal10
2021-12-18 07:55:17
TIMON_BERKOWITZ, Жибек жолу Оштон отконун копчулук билет. Бирок Оштон башталат дегени кичине жанылыштык эмес, абсурд го? Негизи эле илгери Ош шаары Жакынкы Чыгышка экспорт жоното ала турган чон потенциалы бар беле? Вряд ли.
+2
Aidan_Ek
2021-12-17 17:29:30
Ошумду аябай сагындым, буйруса келаткан жылга пландап барып келемин.
+2
Benazir08
2021-12-17 22:41:53
Aidan_Ek,кел кутобуз
+1
Rusi79
2021-12-17 18:16:56
Верблюд (кечиресинер орусча алфавит) илгери фуранын ролун аткарган жаныбар эми менин жеке оюм азыркы заманбап Оштун символуна туура келбегендей корунду.
+4
Antiradikal10
2021-12-17 21:28:17
Кыргызча провайдер деген соз бар бекен? Манкурттар!

Англисчеси балким чет элдиктер учун тушунуктуу болушу мумкун. Бирок орусча жана кыргызчасы эмес.

Кыргызча эл тушунгон, тушунуктуу суйлом жок бекен? Киргизы, киргизбайлар........
+2
KG-312
2021-12-17 21:54:07
Провайдердин кыргызчасы кана?
+4
TIMON_BERKOWITZ
2021-12-18 02:50:48
KG-312, камсыздоо.
+1
Antiradikal10
2021-12-18 07:58:03
TIMON_BERKOWITZ, Ошондо эмне деген суйлом болуп жатат? Жибек жолун камсыздоо же Жибек жолунун камсыздоочусу... Тантык суйлом болуп калбадыбы?

Неужели Оштун мэриясында акылсыздар отурат? Тузук, тушунуктуу суйлом куроо колдорунан келбесе.
+1
anash
2021-12-18 09:20:42
Бул мээрге ичим чыкбайт эс алганын коруп эле
+1
Antiradikal10
2021-12-18 09:45:47
Ош шаары Жибек жолундагы жалгыз шаар эмес. Жибек жолу бир маршрут менен да откон эмес. Бир канча маршрут болгон. Ошол себептуу да Улуу Жибек жолу ондогон шаарлар аркылуу откон. Мисалы бугун Ат-Башы аймагында жайгашкан илгерки Таш-Рабат да Жибек жолу откон калктуу конуштардын бири болгон.

Эми суйломду карагыла. "Ош жибек жолунун провайдери". Же "Ош жибек жолунун камсыздоочусу". Бул эмне деген сандырак суйлом болду?! Эмне менен камсыздап турган
жибек жолун?
+1
Antiradikal10
2021-12-18 09:48:23
Тоолор мененби, жибек мененби, караваншикьер мененби? Эмне менен? Ош шаарынын Жибек жолу аралап откон Яркенд, Турфан же Фергана ороонундогу башка шаарлардан айырмасы эмне?

+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан