Жыл сайын Жаңы жыл майрамына карата борбордун тургундарына майрамдык маанай тартуулоо үчүн Бишкек шаары жасалгаланып-көрктөндүрүлүп келет. Бул майрамда тургундар жаңырган жылдан эле кереметтерди күтпөстөн, шаар ичи да майрамга ылайыктуу шөкөттөлүүсүн күтүшөт.
Буга байланыштуу шаар бийлиги борборду Жаңы жылга карата кандай жасалгалап жатканына күбө болуп келдик.
Аянтта адамдарды "жолборс" күтөт
Алгач бул жылкы жасалгалоодо кошулган өзгөчөлүктөргө токтолсок.
* Биринчиси келе жаткан жолборс жылына карата борбордук аянтта жолборстун инсталляциясы коюлган. Аны менен катар “2022” деген сандар ири көлөмдө оттуу түс менен коюлуп, келген адамдар анын фонунда сүрөткө түшүүсүнө ылайыкташкан.
Андан сырткары аянттагы желектерге Жаңы жыл майрамынын белгиси катары кабылданган бугулардын сөлөкөттөрү чапталганын көрүүгө болот. Ал эми имараттарды көрктөп турган гирляндалар өзгөчө көңүлдү бурат.
Дээрлик 5 миллион сомду сарамжалдуу жумшоо аракеттери...
Бул жылы Бишкекти Жаңы жылга карата кооздоого жалпы 4 миллион 972 сом бөлүнгөн. Анын 2,5 миллион сому буга чейинки жасалгалоолорго коротулган. “Бишкек жарык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Айбек Чодонов шаарды көрктөндүрүү иштери учурда кызуу жүрүп жатканын белгилеп, дагы улантыларын кошумчалады.
«Биз кооздоо иштерин ноябрь айында баштаганбыз. Анда тендер жарыяланып, 4 миллион сом 972 миң сомго жасалгалоону сунуштаган компания уткан. Ушул убакка чейин 2 миллион 568 миң сомдук кооздоо иштери жүрдү», - деди Чодонов.
Анын айтымында, борбор калааны кооздоодо сарамжалдуулук менен иш алып барылууда. Бул жылы сырткы жасалгалар жаңы алынса, шаарды көрктөндүрүүдө колдонулуп келген чакан архитектуралык фигуралардын көпчүлүгү мурдагы жылдардан калгандар.
«Быйыл Бишкек шаарын Жаңы жылга карата кооздоодо колдонулган чакан архитектуралык фигуралардын 70 пайызы мурдагы жылдардан калган. 30 пайызы жаңы алынды. Ал эми аларга илине турган кооздук материалдары толук жаңы сатып алынды. Анткени алар бир колдонуудан кийин эле жарактан чыгып калат», - дейт Чодонов.
Ошондой эле шаарды жасалгалоодо колдонулган материалдарды оңдоп-түзөгөн жердин иши менен таанышып, ал жердеги иргелген жараксыз жасалгаларга күбө болдук.
Мэрия шаар жасалгалоодо жасалган иштерди жар салып жатканы менен алардын аракетин кескин сынга алгандар жок эмес. Айрымдар шаар бийлигинин ишин, табитсиз жана шалаакы деп сындап, борборго кесипкөй адамдар келсин деген пикирлерин жазышууда.
Кошумча маалымат:
Былтыр, 2020-жылга карата Бишкекти кооздоодо эч бир жаңылануу болгон эмес, андыктан 946 миң сом гана коротулган.
2019-жылы - 11 миллион сом;
2018 – жылы - 6,8 миллион сом;
2017 – жылы 15,5 миллион сом шаарды шөкөттөөгө коротулган.