Бишкекте июнь айында жаранды бычактап, андан соң из жашырган шектүү кармалды

Бишкекте оор кылмыш үчүн изделип жаткан шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ушул жылдын июнь айында Свердлов РИИБине саат 00:45 чамасында билдирүү түшүп, анда Бөкөнбаев көчөсүндө белгисиз жарандар жабырлануучуну бычактап кетишкени кабарланган. Андан соң шектүүлөр из жашырган.

Бул факты каттоого алынып териштирүү иштери башталган. Анда эс алуучу жайлардын биринде жабырлануучу Н.Э. менен шектүү уруша кетип, ал бычак менен ичке сайган. Жабырлануучу ооруканага жаткырылган.

Издөө иштеринин натыйжасында 1991-жылы туулган шектүү А.Г. кармалып, тергөө бөлүмүнө өткөрүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан