Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барды

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов иш сапары менен Жалал-Абад облусунда болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Алгач Октябрь Урмамбетов Жалал-Абад ОИИБинин башчысы Ашим Тагаев менен биргеликте Ноокен РИИБинин өздүк курамы менен жолугушуп, демөөрчүлөр тарабынан берилген унаалар тапшырылды.

Андан соң жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери үчүн салынып жаткан имаратка жана өздүк курамдын дене тарбия машыгуулары үчүн кичи-футбол аянтчасына капсула салышты. Октябрь Урмамбетов милицияга колдоо көрсөтүп жаткан жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирип, милиция коомдук тартипти жана инвесторлордун коопсуздугун тыкыр көзөмөлгө ала тургандыгын белгиледи.

Иш сапар облустук башкармалык үчүн оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан имараттан улантылып, ал жердеги аткарылып жаткан оңдоо иштери менен таанышып чыкты. Андан ары Көк-Жаңгак шаарчасын карай жол улап, Сузак РИИБинин Көк-Жаңгак шаардык милиция бөлүмчөсүнүн имаратын ачуу аземине катышып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте арча көчөттөрүн отургузушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан