Садыр Жапаровдун демилгеси боюнча БУУнун башкы ассамблеясы Нью-Йоркто 2022-жылды - Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы деп жарыялады

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси боюнча БУУнун башкы ассамблеясы Нью-Йоркто 2022-жылды - Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы деп жарыялады. Бул тууралуу президенттин администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргыз Республикасынын демилгеси боюнча жана 93 мүчө-мамлекеттин тең авторлоштугунда 2021-жылдын 16-декабрында Бириккен улуттар уюмунун башкы ассамблеясы тийиштүү резолюцияны бир добуштан жактырып, 2022-жылды “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы” деп жарыялады.

Кабыл алынган документ мүчө-мамлекеттерге, БУУ тутумунун уюмдарына, башка эл аралык уюмдарга жана кызыкдар тараптарга, анын ичинде жарандык коомчулукка, жеке секторго жана илимий-билим берүү чөйрөлөрүнө тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн жана тоо экосистемаларын сактоонун жана туруктуу пайдалануунун маанилүүлүгү жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу максатында Эл аралык жылды жетиштүү түрдө белгилөөнү сунуштайт.

Эске салсак, резолюция биринчи жолу дүйнөлүк коомчулукка Садыр Жапаровдун ушул жылдын сентябрындагы БУУнун Башкы Ассамблеясынын жалпы дебаттарындагы сөзүндө айтылган.

Резолюция Эл аралык тоолор жылынын 20 жылдыгына жана 2002-жылы Бишкек тоо декларациясын кабыл алган Биринчи Глобалдык тоо саммитине карата жылдырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Nara5
2021-12-17 20:05:04
Мына сага Арыстан Алай айткандай дуйнону кыргыздар башкарып баштады. Аллахтын периштелери оомин деген болсо, башкарып калаарбыз.
-1
Antiradikal10
2021-12-17 21:18:19
Тупить этпечи. Адашпасам 2002-жылы да дуйнодо тоолор жылы деп жарыяланган, Акаевдин демилгеси менен. Эмне озгорду? Кайра бийлик монгулорду талкалап келди, бугун да ошол процесс уланууда. Как будто биздин бийлик тоолорду, монгулорду сактоо, коруу боюнча дуйного улгу болуп жаткансып.....

Бийликтин подхалим жугундукорлору "кыргыздар дуйнону башкарып баштады" деп дооруп башташты, бийлик чек ара чырын чече албай тажиктер менен тен ата суйлошо албай манкасын тарта албай жатса.
+1
Jaraisyn
2021-12-17 21:47:11
Antiradikal10,блиин
-3
ruslankg
2021-12-18 00:10:37
Antiradikal10,эринбестен ушунча сөздү кантип жаздың сен?
-1
Sofiya05
2021-12-18 12:01:46
ruslankg,Жардыныз)))) , мен окуганга зээригип башын анан аягын эле окуп койдум...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан