Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 6 адам жабыркады

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 6 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 16:20 чамасында Каракол-Эңилчек унаа жолунун 3-чакырымында Toуota Ipsum жана жүк ташуучу Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Кырсыктын кесепетинен 6 адам (аты-жөндөрү такталууда) жабыркады.
Жерине Каракол шаардык №15 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, жабыркагандарды унаадан чыгарууга жардам беришти. Жабыркагандар "Тез жардам" кызматы аркылуу Ак-Суу райондук ооруканага жеткирилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан