Ырчы Самара Каримованын атасы дүйнөдөн кайтты

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримованын атасы дүйнөдөн кайтты.

Ырчынын айтымында, атасы Эрмек Сүйүн уулу бүгүн, 17-декабрда оорудан улам көз жумду. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты 18-декабрда Лейлек районунун Айкөл айылында өтөт.

"Кыргыз музыкасына салым кошкон, боюна музыка жыйнаган, көкүрөгүнө өнөр каткан атам 75 жаш курагында чын дүйнөгө кетти. Ажал алдында алсыз экениме ичим өрттөнүп, макул болбой турам. Бирок жазмышка баш ийбеске аргам барбы", - дейт ырчы.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Самара Каримованын атасынын дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
dastan_nookat
2021-12-17 23:42:06
Жаткан жери жайлуу болсун сабыр кылыныз!!
+18
Egizderim-baktim
2021-12-18 01:34:24
Жаткан жерниз жайлуу болсун, Аллахым бейишин берсин. Уул кыздарына сабыр тилеймин
+4
Datka7777
2021-12-18 02:41:33
Эрмек агай кучтуу менеджер болчу! Жаткан жери жайлуу болсун
+4
prorab
2021-12-18 10:26:38
АЛЛАХЫМ бейишинен орун берсин амин, жакындарына сабыр.
+1
surgeon777
2021-12-18 12:56:14
Жаткан жери жайлуу болсун...
+1
Isken90
2021-12-18 19:29:25
Жаткан жери жайлуу болсун. Самарагада конул айтам. Эми чыгып реклама кыла бербез 3 откордук 7 откордук 40 откордук эстелик тургуздук деп уят
+1
aika2013
2021-12-18 19:32:24
Жаман иш болуптур! Аллахтын алдында баарыбыз алсыз жон Гана пендебиз! Аллах рахматына алган болсун!
0
Misha77
2021-12-18 20:36:51
Эрмек ава жаткан жериниз жайлуу болсун,баарына конул айтам
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан