"Мыкты бомбардир", "Достук мелдешинин дебютанты". Кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган достук оюнунда номинациялар боюнча жеңүүчүлөр аныкталды

Бишкек шаарында бүгүн, 17-декабрда кыргыз футболунун 100 жылдыгына карата достук футбол оюну өттү.

Оюндун жыйынтыгы менен төмөнкү номинациялар боюнча жеңүүчүлөр аныкталды:

  1. «Достук мелдешинин дебютанты» Кудайберген Базарбаев — Президенттин администрациясы командасы
  2. «Достук мелдешинин аксакал оюнчусу» Владимир Орешин — «Алга» командасы (75 жаш)
  3. «Достук мелдешинин мыкты күйөрманы» Абыл Тагайболотов (11 жашта)
  4. «Достук мелдешинин команданын эң мыкты жетекчиси» Борис Подкарытов — «Алга» командасы
  5. «Достук мелдешинин эң кооз голу» Канат Шабданбаев — Федерациялар командасы
  6. «Достук мелдешинин Fair play командасы» — Журналисттер командасы
  7. «Достук мелдешинин мыкты дарбазачысы» Камчы Сарыбаев — «Өнөр» командасы
  8. «Достук мелдешинин мыкты чабуулчусу» Максат Ишенбаев — Бизнес командасы
  9. Мыкты бомбардир — Президент Садыр Жапаров
  10. «Достук мелдешинин мыкты оюнчусу» Канатбек Сейталиев — «Алга» командасы.

Андан соң «Алга» футбол командасынын ардагерлери мамлекет башчысы Садыр Жапаровго эстеликке сувенир - кол тамгалары түшүрүлгөн топту белек кылышты.

Президент Садыр Жапаров 1 миллион сом өлчөмүндөгү байге фондун бардык командалар бир добуштан Токмок шаарындагы балдардын үй-интернатына өткөрүп берүүнү чечишти.

Мелдештин катышуучуларына эстеликке белектер жана сертификаттар тапшырылды. Жеңүүчү команда Кубокту алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zhaynak
2021-12-18 11:57:27
Эн жакшы корунуш. Аллах ыраазы болсун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан