Таласта 2 өспүрүмдүн өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. 14 жаштагы балдар ооруканага жетпей каза болушту

Таласта унаа кырсыкка кабылып, анын кесепетинен 2 адам каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, автокырсык кечээ, 17-декабрда катталды.
Маалым болгондой, Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунда (Чат-Базар айылы) Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жол четиндеги тосмону сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен 2 өспүрүм (2007-жылы Б. уулу Б., 2007-жылы. И.Ж.) жабыркаган. Куткаруучулар кыпчылып калган жарандарды чыгарып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен. Жабыркагандар ооруканага жетпей "Тез жардам" кызматынын унаасында каза болушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
mirlanpiter
2021-12-18 10:13:14
Ата энесине сабыр,жаш балдар өтө жогорку ылдамдыкта айдаган экен автомобиль талкаланып кетиптир
+3
Jolin
2021-12-20 02:02:20
Ушунча катуу айдабай эле койсон Эмне болмок. Сабр Ата энесине
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан