Умар, Райана ысымдары позициясын жоготту. 2021-жылы популярдуу болгон ысымдардын рейтинги

Санариптик өнүктүрүү министрлиги 2021-жылга карата популярдуу болгон ысымдардын рейтингин жарыялады. Ага ылайык, эркек балдар арасында көп коюлган он ысымдын катарына: Мухаммад, Умар, Али, Амир, Билал, Алихан, Алинур, Нурислам, Эмир жана Усман кирет. Кыздар арасында: Салиха, Амина, Фатима, Айлин, Алия, Хадича, Аруузат, Сафия жана Арууке.
Буга чейинки эң кеңири тараган Умар жана Райана ысымдары өз позициясын жоготту. Бул ысымдар акыркы 5-6 жыл катары менен жаңы төрөлгөн ымыркайлар арасында эң популярдуу ысымдар болуп келген.
"Эркек балалуу болгон ата-энелердин ичинен 4537си Мухаммад деген ысымды коюшкан, бул Умардан (4132) 405ке көп. Ал эми Салиха аттуу кыздар Раянадан (2864) 243кө көп", - дешет министрликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (41)
Nuuman
2021-12-18 11:19:57
Ибрахим
Иса
Идрис деп койгонмун балдарымды
+1
alimbek94
2021-12-18 11:31:52
Кыргыздарды молдолор арабташтырып салышты. Мухаммед деп койгон ат тандагандан пайгамбар болуп кетпейсин.
-9
Medina87
2021-12-18 12:47:09
alimbek94,
КУДАЙдын бар экенин таанып, Пайгамбарлардын Урматына Балдарыбызга Ат коюп келебиз.
Менин да Иним Уулуна МУХАММАД ысымын ыйгарган))))
+3
JaneEr
2021-12-18 13:03:22
alimbek94,бир текшерилип кой тууган,ичине жин кирген болушу мумкун.Аллах билет
+3
EddieNigma
2021-12-18 12:13:52
Балама англис аттардан койсом болобу, же арабчылар каршыбы?
-2
orun
2021-12-18 12:26:08
EddieNigma,мага демек кытайча ат койбойсуңбу... Өз эркиң, ар ким Кудай алдында өз керт башы үчүн жооп берет.
+5
EddieNigma
2021-12-18 12:53:22
orun,Джон деген ат койгонум үчүн жооп беремби?
+3
topi
2021-12-18 13:09:29
EddieNigma,sen seksalyu je huyman dep koyson anglusche bolot
-2
Zarema11
2021-12-18 13:19:20
Кыпкыргызча эле койсок болот. Кыргызды да Кудай Жаратканда ,кыргызды да, америкачалардыда, арабдардыда орустарды да баарын ар түрдүү кылып Кудай өзү ааламга келтирген.Эң негизгиси журөгүң таза, бирөөгө залал келтирбесең тил менен да,кол менен да кайсы улут кайсы дин болбосун Кудайга жагат го менимче.
+5
Snare
2021-12-18 13:33:36
Менин кыздарым Изабелла,Аделя. Деп койгом.Уул тороосо Ислам деп койом го ИНШАЛЛАХ
0
Kg-04
2021-12-18 13:38:41
Кыргызымдын эле жакшы аттары толтура Мен буюрса Ормон деп койом кыз болсо Жаныл эхх буюрса экен
+7
Marni
2021-12-18 15:10:20
Kg-04, Жаңыл? Жаңылып, кийинкиси уул болсо деппи? Ужас.
-5
Antiradikal10
2021-12-18 13:39:12
20 ысымдын ичинен Аруузат менен Арууке гана кыргызча экен. Эмне дейбиз. Бираз арабдашып бара жаткан жокпузбу? Анткени балдарынарга эл мазактабай турган ысым берсенер болду да. Мисалы Асан, Акыл, Шумкар, Аман, Медер, Сагын, Шекер, Толкун сыяктуу ысымдардын эмнеси жаман? Созсуз арабча ысым койсо эле бала башкача болуп чоноебу?

+1
Marni
2021-12-19 03:10:43
Antiradikal5, азаматсың. Оюңа кошулам.
-1
Antiradikal10
2021-12-18 13:44:08
Же илгери ата-бабаларыбыз Керимбай, Ормон, Шабдан, Алымбек, Алымкул, Боронбай, Мураталы, Качыбек, Борсок, Табылды, Бекбай, Жантай, Балбай, Атаке, Тагай, Кылжыр, Орозбакты, Асанмырза, Мырзакул, Карамырза, Арык, Тынымсейит, Алсейит, Жоотатыр, Балтатыр, Түкү, Күчүк, Ниязбек, Качыбек, Жакыпбек, Шералы, Жамансарт, Момокон, Баймырза, Мамбет, Куртка, Теңиз, Кочкорбай, Зарыл, Түлөберди, Бөрүбай, Эсенаман, Сөлпү, Саркөбөн, Мамырбай, Бает, Үмөт, Кожобек, Солтонкелди, Нусуп, Сака, Байжигит.
+2
Antiradikal10
2021-12-18 13:49:37
Эшкожо, Канай, Чыны, Карбоз, Алапай, Маңдөбөт, Жандөбөт, Татыбек, Чоңайылчы, Балаайылчы ж.б. ж.б. ысымдар менен жаман жашап оттубу? Ар бир кыргыз кырк уруунун кайсы бирине кирет. Санжырада илгерки ата-бабаларыбыздын аттарын окуп озунду кыргыздын бир урпагы экенинди сезесин.

Бирок мындан ары урпактарынар жети атасын Мухаммад, Али, Умар, Билал, Амир, Арафат, Усман деп санап берсе, сен кыргызсынбы деп тан калууга туура келет. Же калппы?
+4
Aimani
2021-12-18 13:59:03
Antiradikal10,Туура. Келечекте уруун ким десе баары эле Мухаммад, Али,Умар дейт да. Кимиси кайсы билинбей калат. Кыргыз экенибизди унутуп калган болобуз го. Азыркылар деле урпактарынарга атынар өчөт. Баары араб сыяктуу болуп калат.
+2
Datka7777
2021-12-18 23:21:04
Aimani,мурда эле болгон андай ысым! Фатима-Батма, Умар-Омор, Мухамед-Мамбет, Усман-Осмон, Хадича-Катча ж.б
+1
Antiradikal10
2021-12-18 23:52:40
Datka7777, Батма, Зуура, Мамбет, Осмон, Омор кой. Тубу арабча, фарсча же орусча болсо да кыргызчаланып кыргыз ысымга айланган.

Кимдин уулусун десе Мамбеттин же Осмондун дейт. Оо кыргызсынбы деп айтканга жакшы. Мухаммаддын уулусмун, Билалдын же Арафаттын уулумун дегенден коро.
0
Zarema11
2021-12-19 14:11:42
Antiradikal10,Так жана ток этеер сөздөр, түшүнгөнгө жетиштүү түшүнбөгөндөр дагы жазышат акылдуу сезишип өздөрүн.
0
Antiradikal10
2021-12-18 13:53:47
Мисалы Ата конушубуз Алтайда, Саянда жашаган алтай, хакас, тува, шор, бурят ж.б. элдер бар. Сурай келсен копчулугунун аты орусча. Булар орустардын эзуусуно кабылып, андан ары орусташтыруу саясатында калып, маданияты, тили эле эмес, ысымдары да орусташа баштаган, орустардын таасири астында.

Ислам динине шек келтирген эч ким жок, бирок динге шылтап арабдашуу процесси журо баштаганын кантип танабыз. Оз каада-салт, кийим-кече, ысымдарыбыздан баш тартып жатабыз.
+1
ma2as
2021-12-18 14:15:55
Мурун Кыргыз жана Киргиз деп болунчу эле . Эми Кыргыз жана Арабкыргыз болуп калдыкко . Аябай тан калдым бир эле Аруузат деген кыргызча , калганы баары араб олколорунун ысымдары . Мен Балдырыма нукура кыргыз ысымдарын койгонмун .
+1
AdylbekB84
2021-12-18 16:26:18
Раматылык Чубак ажынын айтканы бар эле балдарыңарга ат тандоодо адашпагыла деп, кыргызча эле койгула мисалы менин атым Чубак, эмнеси жаман деп! Кырк чоронун бирөөсүнүн аты Чубак ошонун атынан койулган деген!
+6
ainura220888
2021-12-18 17:14:55
Бир таанышым бар кызынын аты Раяна уулунун аты Мухаммед. Москвада эл катары журушот. Квартира алышкан кызын Рая Раячка деп чакырат. Рая орустардын аты. Уулун болсо Муси Мусинчик дейт. Ушундай улуу аты аттап алып Мусинчик дебечи десем капа болот. Биз Кыргыз эли мусульман элбиз. Бирок озубуздун тил каада салт бар. Толтура кыргызчасы ушул эле аттардын. Атамын аты Камил бул мусульманча ат. Эжеси Идаят арабчадан Хидая сабырдуу деген сыяктуу. Мамат деген ат мусульмандардын аты Абды деген Алланын 99
+6
nazira...
2021-12-18 19:21:43
ainura220888,туура айтасын, бизде да муси-пуси деп чакырышат. Мусулманча койгону менен барибир капырча эркелетип жатпайбы.
+3
aslan_akjol89
2021-12-19 00:48:48
ainura220888,Мамат деген ото страшный ат арабчадан которгондо,койбогула ал атты.Кыргызчабы арабчабы мааниси жакшы болсо боло берет ат койгондо.Илгери деле Союзбек,Съездбек Ильичбек деп коюшкан.Не болду?Не болуп жатасынар ызылдап?
0
ainura220888
2021-12-18 17:15:38
Алланын 99атынын бири. Кыскасы кыргызча бирок исламга туура келген аттарды койгулачы
+1
aslan_akjol89
2021-12-19 00:53:09
ainura220888,Абду деген кул(раб) деп которулат арабча.Кыргыз тилинде жок бул.Мамат деген олум деген арабча соз.Кыргыз тилинде жок.Абдулла деген Алланын кулу деген маани берет,жакшы ат.Абдымамат деген олумдун кулу деп которулат.Абдумухаммад деген Мухаммадтын кулу болот.Жакшы эмес бул ат.Койбонуздар.
-1
Omyke
2021-12-20 04:41:14
Кыргыздын атынан айлансан аз Озу Арабташбай эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан