Баткенде чек арачылар мыйзамсыз ташылып бара жаткан жүктү аныкташты. УКМКдан кабарлашкандай, Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери 17-декабрда Лейлек районунда Опель Астра үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.
Белгилүү болгондой, унааны 26 жаштагы Кыргыз жараны башкарып бара жаткан.
"Унааны текшерүү учурунда 700 килограмм кир жуучу порошок табылды. Ал эми айдоочуда жүктү коштоочу документтер болгон эмес. Алдын ала маалымат боюнча, Кыргыз жараны жүктү Тажикстанга алып өтмөк. Алынган жүктөр жана айдоочу тиешелүү мекемеге тергөө үчүн өткөрүлүп берилди", - дешти маалымат кызматынан.