"Төрөт үйүнөн ымыркай уурдады" деп шектелген айымдарга кылмыш иши козголду

Бишкекте "№4-төрөт үйүнөн ымыркай уурдады" деп шектелген айымдарга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин башчысы Мелис Турганбаев 18-ноябрда билдирди. Кылмышка шектүү Нуржан  Макенова жана "ымыркайдын уурдалышына катыштыгы бар" деп кармалган Шарапат Мамырканова менен Бегайым Алиевага "адам сатуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда Бишкек ШИИББинин ичинде атайын топ түзүлдү. Ал топ ымыркайга жасалма күбөлүк берген орган боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалады Турганбаев. 
Эске салсак, ымыркай 5-ноябрда уурдалып, 14-ноябрда аман-эсен табылган болчу. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
fanatka19
2013-11-18 19:00:25
буларды турмого отургузуш керек.
0
aiymZobolon
2013-11-18 19:39:28
Менин тангалганым кантип ошого колдору барды.Таенем айткандай заман кайда бара жатат.?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан