Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында турак үй күйдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт 17-декабрь күнү кечки саат 20:40 чамасында чыкканын билдирет.
Билдирүүгө ылайык, жерине өрт өчүрүүчү эки бөлүм тартылып саат 22:35те чектөөгө алынып, саат 23:45те толук өчүрүлдү.
Жалпысынан 182 чарчы метр үйдүн ичи жана чатыры толугу менен күйдү. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.