Япониядагы клиникадан чыккан өрттөн улам курман болгондордун саны 28ге жетти. Садыр Жапаров көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Япониянын премьер-министри Фумио Кисидага Осака шаарындагы медициналык мекемесинде чыккан өрттөн улам адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

"Япониянын Осака шаарындагы медициналык мекемесинде чыккан өрттөн улам адамдардын курман болгону тууралуу суук кабарды кайгыруу менен кабыл алдым.

Ушул кырсыктын кесепетинен курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтуу менен бирге, жабыркагандардын тез сакайып кетишин каалайм", - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Белгилей кетсек, Осака шаарындагы терапевтикалык жана психологиялык жардам көрсөтүүчү клиниканын төртүнчү кабатынан өрт чыгып, 19 адам көз жумган. Кийинчерээк каза болгондордун саны 28ге жеткенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ma2as
2021-12-18 17:24:24
Супер Инфо суротту да келтиресинер , кай жактан табып коюшту ( Жээ болбосо пациентер бири менен ок атышып . Америкадан ФБР келип текшерип атат деп жазып койбодунар )
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан