Мамлекеттик иш-чараларда гимнди жандуу үн менен ырдоо тажрыйбасы колдонулууда

Бүгүн, 18-декабрда Улуттук тарых музейинде мамлекеттик гимндин кабыл алган күнүнө карата иш-чара болуп өттү. Иш-чара маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун, гимндин авторлорунун үй-бүлөлөрү, маданият ишмерлеринин катышуусунда болду.
Министрликтин маалымат кызматынан белгилешкендей, иш-чаранын катышуучулары мамлекеттик гимндин ролу жана ага карата болгон мамиле кандай болушу керектигин белгилеп, жарандар сыймыктануу менен, маани-маңызын түшүнүү менен аткарылышы керек деп белгилешти.
Министр Азамат Жаманкулов мамлекеттик атрибуттардын авторлору тууралуу кайрылуу жасап, Улуттук тарых музейинде улуттук символикаларды жараткан инсандарын жеке буюмдарын, гимндин, туунун жана гербдин колго тартылган алгачкы чиймелерин жана башка буюмдарын мамлекеттик сактоого берүүсүн авторлордун туугандарынан суранды.
Ошондой эле министр учурда гимнди мамлекеттик иш-чараларда жандуу үн менен ырдоо тажрыйбасы колдонулуп жаткандыгын кошумчалады.
Гимн 1992-жылы 18-декабрда Жогорку Кеңеш тарабынан токтом менен бекитилген. Гимндин сөзү Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуевдин калемине таандык, музыкасын Насыр Давлесов менен Калый Молдобасанов жазган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан