Өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо максатында бюджеттин эсебинен учкучсуз учуучу аппараттар сатып алынган. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын куралдануусуна берилген учкучсуз учуучу "Байрактар" аппараттарын көрүп чыкты.
Президенттик администрациядан маалымдашкандай, Садыр Жапаровго аппараттарды башкаруу системасы тууралуу нускама берилип, алардын ишин көрсөтүлдү.
Аталган аппараттар толугу менен республикалык бюджеттин каражаттарына сатып алынды жана өлкөнүн коргонуу коопсуздугун камсыз кылуу, анын ичинде мамлекеттик чек араларды кайтаруу үчүн колдонулат.