Мас айдоочунун кесепетинен каза болгон "Тазалыктын" жумушчусунун үй-бүлөсүнө кенемте төлөнөт

Бүгүн, 18-декабрга караган түнү Бишкекте "Тазалык" ишканасынын кызматкерин мас айдоочу сүзүп, жабырлануучу каза болду. Маркумдун үй-бүлөсүнө мэриянын фондунан жардам көрсөтүлүп, "Тазалык" ишканасы тарабынан кенемте төлөнөт. Бул туурасында Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашат.

"Мэриянын фондунан 50 миң сом, ал эми "Тазалык" ишканасы Эмгек кодексине ылайык, тиешелүү компенсация төлөйт. Мындан тышкары калаа башчысы Айбек Жунушалиев каргашалуу окуялар боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүүнү тапшырды.

Мэриянын алдындагы муниципалдык кызматтардын жумушчулары жарык берүүчү атайын форма кийип жүрүшөт. Бирок ошого карабастан кайгылуу окуялар орун алууда", - дешти маалымат кызматынан.

Окуянын чоо-жайы:

18-декабрга караган түнү Бишкектеги "Ала-Тоо" ресторанынын жанынан айдоочу "Тазалыктын" кызматкерин сүзүп, жабырлануучу алган жаракатынан улам каза болгонун Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты. Каза болгон 61 жаштагы жаран "Тазалык" ишканасынын жумушчусу болгон. Ал эми айдоочунун мас экени наркологиялык борбордон аныкталган.

Буга чейин дагы "Тазалыктын" бир жумушчусу айдоочунун колунан каза болгон окуя катталган. Тагыраагы, 12-декабрда эртең менен саат 06:45 чамасында Жибек Жолу жана Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде катталган. Анда Mazda унаасынын айдоочусу жолдогу "Тазалык" ишканасынын кызматкерин сүзүп кеткен. Жаракат алган жаран ооруканага жетпей каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
JaneEr
2021-12-18 21:53:59
Уруп кеткен айдорчу омур бою семьясын баксын
+4
Isken90
2021-12-18 22:02:09
JaneEr,уй мулкун откоруп берип камалсын жана дагы бала чакасы бекер окуп билим алсын мамлекет арабынан 1000000 сом берилсин
+5
Katrina.
2021-12-18 22:10:10
Кече жакында эле ушул тазалыктын кызматкерин дагы бир айдоочу сузуп кетти беле?
0
BISHKEK-312
2021-12-19 00:01:10
Өлгөн адам эркекпи же аялбы? Жаран эле деп жазып койбой, затында жазсаңар!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан