Валентина Шевченко искусство университетинин ардактуу профессору болду

UFC уюмунун бир канча жолку чемпиону Валентина Шевченко ардактуу профессор наамын алды. Тагыраагы, мушкер Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук искусство университетинин профессору болгонун социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Мен үчүн чоң мааниге ээ болгон жаңы жетишкендик - чоң сыймык! Кечээ мен 13 жыл мурун кинорежиссёр адистигин аяктаган университетиме бардым. Мага ыйгарылган Кыргыз улуттук искусство университетинин ардактуу профессор наамы үчүн урматтуу мугалимдерге жана ректоратка рахмат", - деп жазат ал.

Белгилей кетсек, Валентина Шевченко учурда Кыргыз жергесинде. Ал бир катар жолугушууларды өткөрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан