5 жашынан тарта сахнада жүргөн Малика Дина бүгүн, 19-декабрда 26 жашка толду. Ырчы туулган күнүндө борбор калаадагы ресторандардын биринде чыгармачылык кечесин өткөрөт.
Малика Дина 1995-жылы Орусиянын Москва шаарында төрөлгөн. Бишкек шаарындагы №67 мектепти бүтүргөндөн кийин АКШдагы Voice academy музыкалык окуу жайында вокал боюнча билим алган.
Көпчүлүккө "Жолугабыз аз күндө", "Суранам", "Бактыма" жана башка ырлары менен таанымал. Ал эми Малика Динанын аткаруусундагы “Ойлорум сага” аттуу ыры "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча “2013-жылдын супер ремейки” деп табылган.
Учурда Айгүн аттуу бир кыздын энеси. Малика Дина октябрь айында тойканалардын биринде салтанат өткөрүп, анда кызынын туулган күнүн белгилеп, коомчулукка кызынын атасы ким экенин көрсөттү. "Экөөбүз жакшы мамиледебиз. Бизди ортобуздагы кызыбыздан башка эч нерсе байланыштырбайт. Ата-энелердин мамилеси өсүп келе жаткан өспүрүмдөргө таасир этет. Мен кызыбыздын бизди жакшы мамиледе болгонубузду көрүшүн каалайм. Ал учурда бойдок. Мен ага чын жүрөктөн бакыт каалайм", - деген ал.
Белгилей кетсек, Малика Дина 2014-жылы турмушка чыккан. Кийин ал жолдошу менен эки ажырым жолго түшкөн. 2018-жылы ырчы казакстандык актёр Еркебулан Токтар менен сүйүү мамилесинде деген кептер тараган. Буга Малика Динанын коңшу өлкөнүн өнөр адамы менен түшкөн сүрөтү себеп болгон. бирок Малика Дина айтылган кептерди четке кагып, кыз-жигит эмес экенин айткан.
Кыргыз Республикасынын Эл артисти Динара Акулованын эрке кызы быйыл атасы Абдумалик Шерматов менен жолугуп, мамилесин жөнгө салды. Ата, кыздын жолугушуусу, Малика Динанын бир туугандары менен таанышуусун баяндаган видеолорду Абдумалик Шерматов интернет желесине жайгаштырган. Ал эми Малика Дина социалдык тармактагы баракчалар аркылуу берилген суроолорго жооп берип жатып, атасы менен 11 жылдан кийин кайрадан кезиккенин айткан.
Балалыгы элдин көз алдында өткөн ырчынын фотоальбомун бул шилтемеден көрө аласыз.
19-декабрдын жылнаамасы.