Орусиянын аскердик учактары Ооганстандын Кабул шаарына гуманитардык жүктөрдү жеткирди. Артка кайткан учактар Орус, Кыргыз, Ооган жарандарын алып келет деп жазышат чет элдик басылмалар.
"Аскердик транспорт авиациясынын 3 учагы Кабулдун аэропортуна жүктөрдү таштады. Бортко эвакуациялана турган жарандар отуруп, учактар Ооганстандан учуп чыгышты", - деп кабарлаган Орусиянын Коргоо министрлиги.
Маалыматтарда айтылгандай, Ооганстандан 200дөй жаран эвакуацияланды, алардын арасында Орусияда билим алып жүргөн оогандык студенттер бар. Учактар Чкаловск аэродромуна конуу жасайт.
Белгилүү болгондой, Орусиянын Коргоо министрлиги Ооганстандагы жарандарды эвакуациялоо иштерин август айынан бери аткарып келет. Ага ылайык, 770 адам (Орус, Беларусь, Кыргыз, Армян, Украин жана Ооган жарандары) коопту делинген аймактан чыгарылган.