Ошто жансыз денеси табылган 4 адамдын аты-жөнү аныкталбаганы айтылды. Милиция маалыматты четке кагат

Ош шаарынын аймагында жыл башынан бери аты-жөнү аныкталбаган 4 адамдын сөөгү көмүлгөнү жергиликтүү айрым маалымат каражаттарына жарыяланган. Мындай маалымат аталган аймактагы Жарандарды тейлөө бюросуна шилтеме берүү менен жазылган.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бюронун маалыматын четке какты. Башкармалыктан билдиришкендей, аты-жөнү аныкталбаган бир гана адамдын сөөгү көмүлгөн. Ал Жапалак айылынын Кайырма каналынан табылган, жашы болжол менен 55-60 жаштардагы адам.
"Жарандарды тейлөө бюросу калган 3 жарандын кайдан табылгандыгы тууралуу кененирээк түшүндүрмө берсе жакшы болмок.
Жогоруда белгилегенибиздей, Ош шаарынын аймагында 1 гана адамдын аты-жөнү аныкталбай, көмүлгөн. Анын ким экенин аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат, бул тууралуу массалык маалымат каражаттарына дагы берилген. Ал эми жыл башынан бери 7 өлүк табылып, анын ичинен алтоонун ким экени аныкталган", - дешет маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
erkegenje
2021-12-19 15:31:02
Суротун жарыялаш керекта балким биролор издеп аткандыр
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан