"Менин балдарым да чоң атасынын мээримисиз чоңоюп жатышат". Сеид Атамбаев Камчыбек Ташиевдин билдирүүсүнө жооп кылды

Кечээ, 18-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев социалдык тармактагы баракчасына небереси менен түшкөн сүрөтүн жарыялап, көңүл жылытарлык билдирүү калтырган.

"Ата-энемдин үйүнө келдим. Баары башкача. Мени неберем Альмир тосуп алды", - деп жазган ал.

Көп өтпөй абактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев дагы Камчыбек Ташиевдин билдирүүсүнө жооп иретинде билдирүү калтырды. Анда ал Алмазбек Атамбаевдин неберелеринин сүрөтүн Камчыбек Ташиевдин жогорудагы сүрөтү менен чогуу жарыялаган.

"Таасирдүү сүрөт! Камчыбек Кыдыршаевич кандай гана камкордук, мээрим жана сүйүү менен небересин кармап турат. Чынында ар бирибиз атабыз, чоң атабыз. Менин балдарым да сүйүктүү чоң атасы жок чоңоюп жатышат. Мындан кийин да чоң атасынын сүйүүсүсүз, камкордугусуз жана мээримисиз чоңоё беришет. Чын айтам сагынышат...", - деп жазды Сеид Атамбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Isken90
2021-12-19 18:01:33
Турмого алып барып коргозуп кел сенинда атан убагында канчаларды жетим кылган келме кезек терме тезек
+48
BISHKEK-312
2021-12-19 18:10:51
Киргиздер мээрим алышты да, беришти да билишпейт. Так мээрим жөнүндө сүйлөбөй эле койгула Ашачыла!
+35
Tursunbaev1978
2021-12-19 18:40:04
Атаң дагы убагында көбүн какшаткан,ошондо каякта элең?
+36
AntiradikaI6
2021-12-19 18:44:00
Балдарын дагы камаш керек!!!
+25
AntiradikaI6
2021-12-19 18:45:04
Антирадикал10 деген НПОчу амреиканын арам акчаларын алып ушул сайтта кечке отурат жугундукур!!!
+22
AntiradikaI6
2021-12-19 18:45:35
Камчыбек Ташиев азамат!!!
+25
nazira...
2021-12-19 19:23:02
Небере эмне силерде эле бар бекен, камакта отургандардын баарында бар. Алар чон ата эмес Атамбаев чон ата болуп калыптырбы. Колу менен кылганды мойну менен тартат, канчасына кол коюп какшаткан эл катары тартсын азабын. Небересин ортого салбай. Таэжесин чакырсаң темирге айланып бийлеп берет балаңа да силерге да.
+17
Isken90
2021-12-19 19:44:19
Сеид кордунбу сенин атан жонундо бирда жакшы коментарий жок. Акылын болсо тушундунго
+16
KaGaH
2021-12-19 20:14:18
Кайтар дүйно.Жапаров түрмөдө отурганда,атасын көмүп келгенге да жөнөткөн эмес аша,зонада чирисин эми
+13
Goodyer
2021-12-19 23:40:41
Сеид олумуш боло берет да баарын билип туруп. Ошентип жазсан эле атанды бошотуп жибере тургансып.
+8
Antiradikal10
2021-12-19 23:41:15
Мобу жерде отурган жугундукорлордун бири суперде админ же аким болуп иштейт. Клон ник ачкан дагы, менин никтеримди чекеден блоктогон дагы ошол. Antiradikal6 деген КЛОН НИК менен келип элдин башын айлантып, чаташтырып жатат. Якобы мени эки жуздонуп жаткан кылып корсотуу учун...

Суроо: Суперди Камчы менен Садырдын бир дакансасы жетектеп калганбы? Болбосо эмнеге супердин жетекчилиги бул акмак админ же акимин тыя албайт?!
-5
IOA
2021-12-20 00:26:23
АША буткул элдин мамлекеттин канын соргон,канчалаган наристелердин Ата,чон аталарын куноосуз камаган.бироону атып олтурду...
Жашоо бумеранг
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан