Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын тургундары сауналарды жабуу боюнча видео кайрылуу жасашты. Бул фактыны Чүй ОИИББинин жетекчилиги жеке көзөмөлгө алып, териштирүү иштерин баштады.
Башкармалыктан билдиришкендей, бүгүн, 19-декабрда саат 15:00 чамасында социалдык тармактарга Кара-Балта шаарынын тургундарынын кайрылуусу жарыяланган.
"Тургундар шаардагы эки саунаны жабууну талап кылышты. Алардын айтымында, сауналарда жаш кыздардын интимдик кызмат көрсөтүү фактылары бар. Ошол эле учурда кайрылуу жасагандар эже, карындаштарына тынчсызданып жатканын айтышкан.
Жергиликтүү тургундардын сауналардын биринин жанына топтолгону боюнча Жайыл РИИБине саат 15:55 чамасында билдирүү түштү. Буга байланыштуу коомдук тартипти сактоону камсыздоо үчүн милиция кызматкерлери аталган жерге дароо жөнөтүлдү. Анда бул маселелерди мыйзам чегинде чечүү зарылчылыгы тууралуу профилактикалык, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, чогулгандар саат 17:00 чамасында тарап кетишти.
Чогулгандар интимдик кызмат көрсөтүүчү жайларды уюштурган белгисиз адамдарга чара көрүү боюнча арыз менен кайрылышты. Бул арыздар каттоого алынып, тиешелүү иштер жүргүзүлө баштады", - дешти милициядан.