Ошто чет өлкөдөн мыйзамсыз алынып келинген баасы миллион доллардан ашкан зер буюмдар табылды

Ош шаардык милиция кызматкерлери тарабынан баасы миллион доллардан ашкан зер буюмдары табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 4-декабрь күнү таңкы 5терде Ош шаарында милиция кызматкерлери тарабынан 23 жаштагы айдоочу айдап бара жаткан Хендай Портер унаасы токтотулган. Текшерүүдө унаадан 22 килограмм 350 грамм салмактагы алтын жасалгалары табылган. Иликтөө иштеринин жыйынтыгында контрабандалык товар Стамбул-Ош авиакаттамы менен келгени аныкталган. Стамбулдан алынып келинген товарды бажы кызматкерлеринин текшерүүсүнөн өткөрбөй, дароо машинага жүктөп алып кетишкен. Учурда бул иш боюнча териштирүү иштери жүрүп, материалдар каралып жатат. Кийин аталган иш Бажы кызматына өткөрүлүп берилет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан