Эл артисти Валентина Гилка акыркы сапарга узатылды

Бүгүн, 20-декабрда Кыргыз Республикасынын Эл артисти Валентина Гилка акыркы сапарга узатылды. Коштошуу зыйнатына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов катышты.
Анда Валентина Григорьевнанын чыгармачылыгы, эмгек жолу жана адамдык парасаты эскерилип, басып өткөн жолу кийинки муунга үлгү катары калаары айтылды.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 18-декабрда 80 жаш курагында Кыргыз Республикасынын Эл артисти Валентина Гилка узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтканын кабарлаган.
Валентина Гилка Григорьевна 1941-жылы 23-ноябрда Украина ССРинин Донецк шаарында туулган.
Ал 1975-жылдан бери Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында эмгектенип келген. Көрүнүктүү актриса өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин режиссёр жана продюсер катары чыгармачылык ишмердүүлүгүн уланткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан