Мусулмандар дин башкармалыгы жана "Куран Ордо" диний уюму алгачкы жолу кыз-келиндер аралык "Куран жазы" аттуу республикалык Куран жарышын жарыялайт. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарыш Курандын 15 жана 30 параларынан жатка окуу боюнча болуп өтөт.
"22-декабрда аймактарда тандоо туру уюштурулуп, жеңүүчүлөр финалга жолдомо алышат. Финал 26-декабрь жекшемби күнү Имам Сарахсий атындагы мечитте саат 09:00дө башталат. Байгелер: 3 умра сапарына жолдомо, кызыктыруучу белектер жана акчалай сыйлыктар.
Кирүү акысыз, айымдар үчүн гана эшик ачылат.
Байланыш үчүн: 0770644438, 0777879501,0505286818
Дареги: Бишкек шаары, Жибек Жолу кең көчөсү №264. Жарышка салымын кошууну каалагандарга мүмкүнчүлүк берилет.
Жарыш Имам Сарахсий мечитинин жамаатындагы сооп үмүт кылган мекендештердин демөөрчүлүгү менен уюштурулууда", - деп жазылат маалыматта.