Жалал-Абадда курулушу бүтө элек үйдөн өрт чыгып, бир баш бодо мал күйдү

Жалал-Абадда курулушу бүтө элек үйдөн өрт чыгып, мал, чөп, пахта күйүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, өрт 19-декабрда катталды.
Сузак районунун Жар-Кыштак айылында жалпы аянты 200 чарчы метр болгон турак үйдөн өрт чыккан. Анын кесепетинен 1 баш бодо мал, 425 түк чөп, 200 боо пахта сабагы күйдү.
Өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылып, саат 12:01де чектөөгө алынып, саат 14:45те толук өчүрүлдү.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда дешти министрликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан