Бүгүн, 20-декабрда ырчы, обончу Бакыт Мамаев 53 жашка толду. Куттук айткандардын баарына ыраазычылык билдирген ырчы буларга токтолду.
"20-декабрга караган түнү эле куттуктоолор башталган. Жакындарым, курсташтарым, кесиптештерим, үй-бүлөм куттукташты. Бул күндү дайыма үй-бүлөм менен өткөрөм. Бүгүн дагы жакындарымдын курчоосунда туулган күнүмдү белгилейм", - дейт ал.
Бакыт Мамаев 1968-жылы Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунда туулган. 1984-1986-жылдары Ак-Талаа районундагы №5 кесиптик техникалык окуу жайынын жыгач устачылык бөлүмүн аяктаган. 1991-1994-жылдары Москвадагы С.A.Герасимов атындагы Кинематографиялык мамлекеттик университетин киноактёр, режиссёр адистиги боюнча аяктаган. Алгач "Сүймөнкул", "Бойдоктор" аттуу ырлары менен элге таанылган.
2014-жылдан тарта бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаарындагы №87 орто мектебинде музыка мугалими болуп эмгектенет.
20-декабрдын жылнаамасы.