Ысык-Көл облусунда жансыз денеси табылган жарандын аты-жөнүн тактоого милиция кызматы жардам сурайт. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жансыз дене 16-декабрь күнү Семёновка менен Ананьево айылынын ортосунан табылган.
"Бою 175-180 сантиметр, жашы болжол менен 55-60та. Арык чырай, сол далысында "МВО" деген жазуусу бар. Кийген кийимдери: Күрөң түстөгү аял кишинин пальтосу, спорттук шым, ак түстөгү көйнөк, бутуна көлөч кийип жүргөн. Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көрүп, билген болсо төмөнкү номерлерге чалып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш телефону: 0709 20 30 87, 0394 34 39 80 жана 102 кызматы", - деп жазылат маалыматта.