Улан Ниязбеков милиция кызматкерлерине жол кырсыктарын азайтып, өлүм менен коштолгон фактылардын алдын алууну тапшырды

Ички иштер министри Улан Ниязбеков өлкөнүн бүтүндүгү жана элдин тынчтыгы үчүн күнү-түнү иш алып барууга ички иштер органдарынын ар бир кызматкери милдеттүү экенин белгиледи. Бул тууралуу министр бүгүн ички иштер органдарынын бөлүктөрүнүн жетекчилерине өткөргөн жыйында айтты.
Министрликтин басма сөз кызматынан белгилешкендей, онлайн кеңешмеде Улан Ниязбеков шайлоо учурунда коомдук коопсуздук күчөтүлгөн тартипте камсыздалып, одоно укук бузууларга, резонанс жараткан кылмыштарга жол берилбегенин билдирди.
"Бирок коопсуздукту камсыздоо иш-чаралары ушуну менен эле токтоп калбайт. Алдыда дагы аткара турган иштерибиз көп. Жер-жерлерде ар бир жетекчи жергиликтүү бийлик органдары, айыл өкмөттөрү, айыл башчылары, эл арасындагы кадыр-барктуу адамдар, активдүү жарандар менен элдин коопсуздугун камсыздоо боюнча тыгыз байланышта иш алып барууну күчөтүү зарыл. Ар түрдүү туура эмес маалыматтарды таратып, жөнөкөй жашоочулардын тынчын алган чагымчыл аракеттерге жеринде бөгөт коюп, алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү керек.
Калктын жашоо турмушун жеңилдетүү боюнча президенттин жарлыктарын ишке ашырууну баарыбыз аткарууга милдеттүүбүз.
Ички иштер министрлигинин түзүмүндө өзгөрүүлөр орун алды. Милициянын аймактык инспекторлорунун, туристтик экологиялык милициянын жаңы образдагы ишмердиктери ишке киргизилди.
Жаңы кызматтар негизги үч милдетти аткарат. Биринчи - адам өмүрүн ар түрдүү коркунучтардан коргоо, экинчи - элдин тынчтыгын күнү-түнү сактоо, үчүнчү - коомдун туруктуу жашоосун камсыздоо үчүн элге сервистик тейлөө көрсөтүү болуп эсептелет”, - деди министр онлайн кеңешмеде.
Онлайн кеңешменин жүрүшүндө Улан Ниязбеков жетекчилердин жана өздүк курамдын алдына жети тапшырма койду. Алар:
* Милициянын көчмө кабылдамалары тарабынан укук бузууларга жол бербөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чараларын андан ары улантсын;
* Коомдук жайларда, көчөлөрдө жана эл көп чогулган аймактарда кайгуул иштери күнү-түнү жүргүзүлүп, жеринде сервистик тейлөө иштери күчөтүлсүн;
* Чек арада жана ага жакын аймактарда ар түрдүү окуяларды болтурбоо үчүн алдын алуу иштери жүргүзүлсүн. Коомчулукка туура эмес маалымат таратып, элдин ой-пикирин бузган чагымчылдык аракеттерге бөгөт коюлсун;
* Бети ачылбай жаткан кылмыштардын бетин ачып, ушул жылды ийгиликтүү жабуу боюнча иш-аракеттер күчөтүлсүн. Элдин турмуш-тиричилик абалына терс таасирин тийгизген уурулук, мал уурулук, тоноочулук сыяктуу кылмыштардын бети ачылсын;
* Биринчи декабрдан баштап күчүнө кирген жаңы кодекстерди кызматкерлерге окутуп-үйрөтүүлөр жүргүзүлсүн. Кодекстердин талаптарын аткарбай же билбестиктен туура эмес аткарып, жыйынтыгында элден арыз-даттануулар келип түшө турган болсо, ошол жердеги биринчи жетекчилер тартиптик жазага кириптер боло тургандыгын эскертем;
* Өлкөнүн бүтүндүгү жана элдин тынчтыгы үчүн күнү-түнү иш алып барууга ички иштер органдарынын ар бир кызматкери милдеттүү экендиги баса белгиленсин;
* Ички иштер министрлиги тарабынан буга чейин берилген тапшырмаларды, коллегиянын чечимдерин аягына чейин аткаруу колго алынсын.
Улан Ниязбеков жылдын жыйынтыгы менен ар бир жетекчинин жеке ишмердиги каралып, тиешелүү баа бериле тургандыгын билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан