Чүйдө 13-декабрдан 19-декабрга чейин 2509 айдоочу жол эрежесин бузду. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алардын ичинен 36 айдоочу мас абалда кармалган.
"982 айдоочу катуу ылдамдыкта унаа башкарса, 982 айдоочу документсиз унаа башкарып бара жаткан. Алардын ичинен 98 унаа айып короо жайына токтотулган", - деп жазылат маалыматта.