Сузак районунун Барпы айылында президенттин кортежи өтүп бара жатканда тургундар желек көтөрүп турганы боюнча сын айткандарга айыл аксакалдары жооп кайтарды. Бул тууралуу видеону социалдык тармактын колдонуучусу Өткүрбек Рахманов жарыялады.
Анда аксакалдар эл өзү президентти сыйлаганы үчүн жол жээгине чыгышканын айтып "жумурткадан кыр издебөөгө" чакырган.
"Урматтуу кыргыз эли, кечээки окуя боюнча туура эмес маалымат таратып жаткандарга айткым келет. Душмандыктын, көрө албастыктын дагы чеги бар. Биз чын көңүлдөн Садыр Жапаровду тосуп чыкканбыз. Президентти түбөлүк колдойбуз, иштерине ийгилик каалайбыз! Мурдагы президенттердин баары мындай иштерди аткарган эмес.
Жумурткадан кыр издеп жатасыңар.
Садыр Жапаров эл сени менен", - деген аксакалдардын бири.
Ошондой эле аксакалдар президент Садыр Жапаровдун жасап жаткан иштерин айтышты. Анда карапайым калкты жер салыгынан бошоткону, "Кумтөрдү" мамлекетке кайтарганы айтылат.
Маалымат үчүн:
Социалдык тармактарда Жалал-Абад облусунда президент Садыр Жапаровдун кортежин жолдун эки тарабына тизилип тосуп алган жашоочулардын видеосу тараган. Ал эми президенттин администрациясынан учурда иликтөө жүрүп жатканын билдиришти.