Социалдык тармактарда Жалал-Абад облусунда президент Садыр Жапаровдун кортежин жолдун эки тарабына тизилип тосуп алган жашоочулардын видеосу тарап, коомчулуктун талкуусуна жем таштады. Бул боюнча президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматчысы Нурайым Турдумаматовага байланышканыбызда, төмөнкүлөрдү билдирди.
"Президенттин Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Барпы айылындагы жергиликтүүлөрдүн жол боюна чыгып тосуп алуусу атайын уюштурулган эмес. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик жетекчилиги да ырастайт жана ал боюнча алдын ала маалымат болбогонун билдирет.
Окуя учурунда жашоочулар өлкө башчысын көрүү жана аны сый-урмат менен тосуп алууга өз каалоолору менен чыгышканын айтышкан", - деп билдиришти өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан.
Маалымат үчүн:
Социалдык тармактарда Жалал-Абад облусунда президент Садыр Жапаровдун кортежин жолдун эки тарабына тизилип тосуп алган жашоочулардын видеосу тараган. Ал эми президенттин администрациясынан учурда иликтөө жүрүп жатканын билдиришти.