Кыргыз өлкөсүнүн футбол боюнча улуттук курамынын чабуулчусу Мирлан Мурзаев учурда ойноп жаткан Индиянын "Ченнайин" клубу үчүн алгачкы голун киргизди. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Ченнайин" клубу "Одиш" клубун 2:1 эсебинде жеңип алган.
Буга чейин Бишкектин "Дордой" клубунда ойноп келген Мирлан Мурзаев "Ченнайин" клубуна ушул жылдын август айында өткөн.