Чет өлкөдөн операция жасаткан Назира Кадыева Бишкекке келди

Боорунан жабыркап, операцияны Түркиядан жасаткан телеалпаруучу, ырчы Назира Кадыева ооруканадан чыгып, бүгүн, 21-декабрда Бишкекке келди. Бул туурасында өзү менен кабарлашканыбызда белгилүү болду.

Назира Кадыева буга чейин боорунда шишик бар экенин, операция Түркия же Индияда жасаларын айткан. Көп узабай эле ал Түркияга барып, операция жасаткан. Хирургиялык кийлигишүү ийгиликтүү болуп, шишик алынган. "Метастаз жок, башка органдарымды да тартып таза дешти. Сүйүнгөнүмдөн ыйладым", - деген Назира айым.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан