Бишкекте өткөн саймачылардын республикалык чемпиондугу жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Иш-чара Улуттук тарых музейинде 19-декабрда өттү.
Чемпиондукта өзгөчө саймасы жана чыгармачылыгы менен айырмаланып I орунду Эркайым Асанбекова, II орунду Кундуз Абдыкеева, III орунду Нургүл Жээнбекова ээледи. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
"Чемпиондукта салт болуп калгандай, сайма саюу боюнча өткөн жылдагы сынактын жеңүүчүсү Диляра Орозалиева быйылкы жеңүүчү Эркайым Асанбековага эстафета-чапанды тапшырды. Эми Асанбекова аны сактап, келерки жылдагы жеңүүчүгө өткөрүп бермекчи. Ар бир финалист чапанга өзүнүн атын сайып калтырышы керек", - дешет маалымат кызматынан.
Ал эми белдемчи боюнча сынакта I орунга Сырга Өмүралиева, II орунга Эркайым Асанбекова, III орунга Батина Назаралиева татыды.
Андан сырткары Тарых музейинде уздардын колунан чыккан туш кийиздер, панолор, элечектер, чапандар, белдемчилер, баштыктар көргөзмөгө жана сатыкка коюлду.
Сынактын максаты - бүгүнкү күндөгү этно маданиятыбызды жана кол өнөрчүлүгүбүздү даңазалоого багытталып, кыргыз саймаларынын ордун баалап, аны алып жүрүүчүлөрдү шыктандыруу жана керме сайма саюуну жандандырууга өбөлгө түзөт.
Иш-чара "Кийиз Дүйнө" коомдук фонду, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жана Улуттук тарых музейинин колдоосу менен
уюштурулду.