Жалал-Абадда №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты оңдоп-түзөөдөн өттү

Жалал-Абад шаарындагы №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган жайдын айнек-терезелери жана эшиктери пластикке алмаштырылып, жылытуу системасы жаңыланды.

Ошондой эле имараттын ички бөлүгү толугу менен актап-сырдоодон өткөрүлдү. Ал эми имараттын алдына отургучтар орнотулуп, бейтаптарга жана дарыгерлерге ыңгайлуу шарт жаратылды.

"№2 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн 2 миллион сомго чукул каражат жумшалды. Анын 70 пайызы дем берүүчү грант болсо, калган 30 пайызы жергиликтүү бюджеттен жумшалды", - дешти мэриядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан