Июнь окуясы боюнча Өмүрбек Текебаев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Бектур Асанов Башкы прокуратурага сурак беришти

2010-жылдагы июнь окуясы боюнча Өмүрбек Текебаев, Кеңешбек Дүйшөбаев жана Бектур Асанов Башкы прокуратурага сурак берип чыгышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура июнь окуясы боюнча иликтөө иштерин жандандырган жана алдыда дагы сурак берчү адамдар бар.

Маалыматты Башкы прокуратурадан тастыкташты.

Мындан 11 жыл мурун, тагыраагы 2010-жылы 10-июнда түнкү саат 22:00 чамасында Ош шаарынын "Алай" мейманканасынын жанында жаңжал чыккан.

Ага чейин белги катары мечиттерден үн чыгаруучу аппарат аркылуу азан айтылып, салют атылганын шаардын тургундары айтып беришкен. Тополоң андан ары курчуп, ок атышуулар менен уланган. Куралданган белгисиз адамдардын тобу имараттарды, үйлөрдү талкалап, өрт коюп, туш келген адамдарга кол сала башташкан. Окуянын тез жана курч өнүккөнүнөн улам "алдын ала даярдалган" деген ойлор айтылган. 11-июнда түнкү саат 2де убактылуу өкмөт чукул декрет кабыл алып, Ош шаарында, Өзгөн, Кара-Суу жана Араван райондорунда өзгөчө абал жарыялаган жана таңкы саат 06:00гө чейин коменданттык саат киргизген. Ошко аскер кызматкерлери жана аскер техникасы киргизилген.

Трагедиялуу окуяны иликтеген улуттук комиссиянын 2010-жылы 10-декабрда жарыялаган отчётунда Июнь окуясында Ош жана Жалал-Абад облусунда 420 адамдын денеси табылганы, анын 381инин ким экендиги аныкталганы жазылган. Анын ичинде аскерлер жана милиция кызматкерлери дагы бар. 1925 адам ар түрдүү жаракаттарды алса, 925и октон жаракат алган. Расмий эмес маалыматтар боюнча, жаңжал чыккан күнү 800дөй адам каза болгону айтылат.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, укук коргоо органдары тарабынан Июнь окуясы боюнча жалпы 5 миң 646 кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин жыйынтыктарынан улам 532 жаранга карата иш козголгон, 336 кылмыш иши соттун кароосуна жөнөтүлгөн. Алардын 488и соттун чечими менен ар кандай жазаларга тартылган. Ал эми 3 миң 900 кылмыш иши убактылуу токтотулган. Козголгон кылмыш иштердин көпчүлүк бөлүгүн уурулук боюнча фактылар түзгөн. Ал эми жоготулган курал-жарактардын ичинен 195 ок атуучу курал, 25 миң 330 ок-дары, 30га жакын аскердик шайман табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Nur2021
2021-12-20 15:54:30
Так ушулар куноолуда, жанакы Рөүз эжебиз дагы бар...
+13
nazira...
2021-12-20 16:04:43
Nur2021,аны качан чакырат болду экен.
+8
alimbek94
2021-12-20 16:34:53
Nur2021,
Июнь окуясын шылтоо кылып буларды камаш керек болуп жатат. Чынында озбек сепаратисттер баштаган согушту. Чынында ошол ызы чууну Ташиев өзү жетектеп жүргөн. Азыр Ташиевтин кылмыштарын айткан киши жокпу эмне?
-15
bayern-munchen
2021-12-20 18:08:50
alimbek94,ош окуясы болгондо сен котуну арчый албаган бала Элен билбей суйлой бербе устумдо Аллах турат калп эмес ошол согушту оз козу менен коргон катышычуусу катары сенин созуно кошулбаймын убактылуу окмоттун Бир дагы мучосу и керек болсо шакылданан Мадумаровун дагы элден кабар алган эмес жок дегенде теледен элге конул айткан эмес так что оозунду жап
+5
nargiz-sa
2021-12-21 11:37:28
bayern-munchen,Мадумаров эмнеге кабар алыш керек эле ал эч кандай кызматта отурбаса?
-1
bayern-munchen
2021-12-22 10:36:28
nargiz-sa,жон эле элдик лидер катары барса болбойбу Ташиев и Жапаров дагы эч Ким болгон эмес ал убакта
0
Kushu_0703
2021-12-21 12:42:09
alimbek94,ою жаман макоо
+1
Azat-123
2021-12-20 16:08:34
Чынбы жалганбы ошол кезде Теке Ошту сатып жиберген деп уккам
+4
Baha.Kyrgyzstan
2021-12-20 16:28:14
Сурап сурап калбаса болду күнөөлүү экенин далилдеп жазаласа кана
+12
muku.85
2021-12-20 16:29:53
Мына ушундай иштеш керек. Кан жанагы оппозиция бар элего ушул жерден дагы кандай критика табаар экен.
+14
ErkinOkenovich
2021-12-20 16:31:09
Шундук ушунча адамды кырып жана жаракат кылып коюшуп, жер устундо кантип басып журушот ушул адамдар. Буларды эл алдына алып чыгып,баштарынан ылдый кыт куюш керекко.эгер камап койсо, 3_4 жылдан кийин кайра эле чыгып кетишет андай копозтор.жакшылап иликтеп кунолулорду тапкыла,акчага алданбай.
+11
Asmat84
2021-12-20 16:44:46
Бирден бир күнөөлүү Бектур Асанов деген тварды камаш керек
+13
Isken90
2021-12-20 17:22:22
Буларды камабагылачы сураныч буларды багып не кыласынар ит аткандай атып таштагылачы
+9
Tursunbaev1978
2021-12-20 18:14:21
Текенин күнөөсү бар
+6
Isken90
2021-12-20 19:12:15
Супер инфо неге мен жазган коментарийлерди очуруп салдынар. Силерге жакпаган катанарды айтып жазгандарды сразу очуросунор. Кечирим сурап ондоп коюнун ордуна
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан