Бишкекте 51 жаштагы киши 11 жаштагы кызын зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук прокуратурасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2020-жылы социалдык кызматкер Биринчи Май РИИБине арыз менен кайрылып, анда атасы кызын зордуктап жүргөнүн айтып арызданган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү башталган.
"Кыз атасы менен жаңы конуштардын биринде жашап келген. Кыз 2 айлык кезинде апасы кетип калган. Кызды атасы тарбиялаган. Бирок ал ошону менен кызынан кабар алган эмес. Териштирүү ишинде кыз атасы зордуктаганын айтып берген", - деп билдиришти прокуратурадан.