Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 16-декабрь күнү саат 21:33 чамасында Бишкек ШИИББине шаардагы ооруканадан билдирүү келип түшкөн. Анда жаракаттан улам каза болгон жаран келип түшкөнү кабарланган.
Жерине Ленин РИИБинин ыкчам-тергөө тобу барып, маалыматты тактаганда шаардагы көчөлөрдүн биринде ага-ини уруша кетип, агасы инисине бычак сайган. Шектүү инисин өзүнүн унаасына салып алып ооруканага алып келе жатканда эсине келбей каза болгон.
Маркум 1988-жылы туулган И.А. аттуу жаран болгон. Бул факты каттоого алынып, териштирүү иштери башталган. Ал эми шектүү катары 1980-жылы туулган А.И. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Анын баш коргоо чарасы каралып СИЗО-1ге эки айга камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.