Ошто таштанды контейнерлеринин жанына видео камералары орнотула баштады. Эмнеге?

Ош шаарындагы таштанды контейнерлеринин жанына видеокөзөмөл камералары орнотула баштады. Бул туурасында бүгүн, 20-декабрда "Ош Тазалык" муниципалдык ишканасынан кабарлашат.
"Камералар алгач пилоттук долбоор катары 20 жерге орнотулду. Алар негизинен, таштандыны контейнерге салбай жака-белине жана курулуштан калган калдыктарды контейнердин жанына, ичине салып кеткен аймактарга коюлду.
Камералар кыймыл-аракетти күнү-түнү жазып, туура эмес таштанды төккөн жарандарды аныктап, унаасын кошо жазып калтырат.
Мындай камераларды коюунун максаты - шаардын тазалыгына кайдыгер караган жарандар менен күрөшүү. Белгиленбеген жерге таштанды төгүп кеткендердин айынан шаар булганып, экинчи жагынан оор курулуш калдыктарын жүктөгөн техникалар бузулуп калууда", - дешти ишканадан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан