Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында турак үй күйдү. Өрт газ менен колдонулуучу каражаттарды пайдалануудагы өрт коопсуздугунун эрежелери сакталбагандан улам келип чыкканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалым болгондой, бүгүн, 20-декабрда Каракол шаарында турак үйдүн чатыры күйүп жатканы кабарланган. Жерине 2 бөлүм тартылып, өрт саат 12:56да толугу менен өчүрүлдү. Жалпысынан 50 чарчы метр үйдүн чатыры күйдү.
Эске сала кетсек, үйдүн ичинде газ балон болгон, жабыркагандар катталган жок дешет министрликтен.